ЖУБАЙЛАР YЧYН (#15456)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мына, ушул сенин күңүң Сага ишенип, жүзүн Сага буруп, көктөгү берекелериңди төгө көр деп, анын алдында рух сырларыңды ачып бер деп жана Өзүңдүн касиеттүү жарыгың менен нурландыр деп жалбарып сурайт.
О, айланайын Теңирим! Менин жубайымдын көздөрүн ач. Анын жүрөгүн Өзүң жөнүндөгү билимдин жарыгы менен кубант, ниетин Өзүңдүн нурланган сулуулугуңа бур, анын рухун Сенин анык улуулугуңдун ачылышы менен шыктандыр.
О, кагылайын Теңирим!  Анын көздөрүн жапкан көшөгөнү алып сал. Өзүңдүн мол берекеңди төк, Сага болгон сүйүү шарабы менен мас кыл, буттары менен жер басып, жандары көктө учуп жүргөн периштелериңдин бири кыл. Ылайым, ал Сенин элиңдин арасында акылмандыгыңдын нурун чачкан жаркыраган чыракка айлансын.
Акыйкатта, Сен Асылсың, түбөлүк Берүүчүсүң, жоомарт Сыйкорсуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

